> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк банк КРга 60 млн долларлык инвестиция бериши күтүлүүдө
- URL: https://im.kg/all/2021/10/14/d-jn-l-k-bank-krga-60-mln-dollarlyk-investiciya-berishi-k-t-l-d/
- Published: 2021-10-14T16:36:24.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Дүйнөлүк банк менен болжолдуу түрдө 60 млн долларлык инвестицияга сүйлөшүүлөр аяктап калды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Баткен шаарында өтүп жаткан «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форумунун жүрүшүндө билдирди.**

Анын айтымында, негизги компонент айыл-чарбасына, чакан ишкерликке жумшалат. Эске салсак, азыр ушу тапта Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» [форуму өтүп жатат. ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/10/14/b-g-n-batkendi-n-kt-r-lk-n-n-kt-r-forumu-t-d/)

> «Баткен облусундагы инвестициялоо багыттарынын бири – энергетика. Мисалга, Ак-Суу, Козу-Баглан, Кожешкен, Исфайрамсай, Ак-Сай сыяктуу ири дайраларда чакан ГЭСтердин курулушу күтүлүүдө. Жергиликтүү бийлик чакан гидроэлектростанциялар үчүн жер бөлүүгө максималдуу колдоо көрсөтөт. Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банк менен биргеликте болжол менен **50-60 млн АКШ доллары** өлчөмүндөгү инвестициялар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле ири инвестицияларды ирригациялык долбоорлорго багыттоо зарыл», – деди Акылбек Жапаров.

Бул иш-чара «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Президенттин Жарлыгы алкагында Баткен облусунун **экономикалык потенциалын кеңейтүү** жана **инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү**, ошондой эле жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында өтүүдө.