> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда инфляция 6.5%ды түздү – эң жогору баалар Жалал-Абадда байкалды
- URL: https://im.kg/all/2021/10/14/kyrgyzstanda-inflyaciya-6-5-dy-t-zd-e-zhogoru-baalar-zhalal-abadda-bajkaldy/
- Published: 2021-10-14T15:47:26.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда январь-сентябрь айларында инфляция 6.5%ды түздү. Кызмат көрсөтүүдөн баштап тамекиге чейин бардыгы кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет берди.**

> Алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баасы **9.8%га,** азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар – **7.4%га**, азык-түлүк эмес товар – **6.4%га**, тарифтер менен кызмат көрсөтүүлөр – **2.4%га** кымбаттады.

Өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы бардык региондорго таасирин тийгизди. Мында инфляциянын максималдуу деңгээли (9.6%) Жалал -Абад облусунда катталган. Бул башка региондорго салыштырмалуу азык-түлүк эмес товарларга (12.7%га) жана алкоголго жана тамекиге (11.9%) баалардын көтөрүлүшүнө байланыштуу болду дейт Улутстатком.