> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк кезектеги интервенциясын жасады – 30.2 млн доллар
- URL: https://im.kg/all/2021/10/15/uluttuk-bank-kezektegi-intervenciyasyn-zhasady-30-2-mln-dollar/
- Published: 2021-10-15T11:40:23.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 14-октябрда Улуттук банк доллар сатуу боюнча кезектеги интервенциясын ишке ашырды. Жогорку суроо-талапты канааттандыруу үчүн коммерциялык банктарга 30.2 млн доллар сатылган.**

**10 млн долларды** сатуу бүтүмү жасалган күндөгү эсептешүүлөр менен жүргүзүлгөн, **20.2 млн доллар** болсо чечим кабыл алынгандан башка күнү жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, мурдагы күнү [valuta.kg ](https://valuta.kg/stats/)порталынын маалыматы боюнча, Бишкекте америкалык валютанын орточо сатуу курсу **84.9 сомду** түзгөн.

> Быйыл жасалган 9 интервенцияда, УБ доллардын курсун кармаш үчүн эл аралык резервдерден **341.35 млн доллар** сарптады.