> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эмдөөнүн жай жүрүшүнөн улам КРнын экономикасынын калыбына келиши көп убакытты талап кылышы мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2021/10/18/emd-n-n-zhaj-zh-r-sh-n-n-ulam-krnyn-ekonomikasynyn-kalybyna-kelishi-k-p-ubakytty-talap-kylyshy-m-mk-n/
- Published: 2021-10-18T10:17:23.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:16:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Калкты коронавируска каршы эмдөөнүн жай жүргөндүгүнөн улам, Кыргызстандын экономикасы узак убакытта калыбына келүү коркунучунда турат. Мындай билдирүүнү Дүйнөлүк банктын КРгы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви [билдирди](https://kaktus.media/doc/447778%5Fkak%5Fvakcinaciia%5Fot%5Fcovid%5F19%5Fsviazana%5Fs%5Fbednostu%5Fv%5Fkyrgyzstane.html).**

Ал белгилегендей, аталган илдетке карата эмдөө дүйнөнүн кайсы өлкөсү болбосун анын экономикасынын жалпы калыбына келүүсүнө түрткү болот. Экономисттердин божомолу боюнча, дүйнөдө эмделген ар бир млн кишиге карата дүйнөлүк ИДП орто эсеп менен дээрлик **8 млрд долларга** калыбына келет.

Эмдөөнүн жогорку деңгээли байкалган өнүккөн өлкөлөр ушул жылдын аягына чейин адам башына ИДПнын өсүшүнүн ковидке чейинки деңгээлине жете алышат. Бирок эмдөө деңгээли төмөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасын калыбына келтирүү 2024-жылга чейин созулушу мүмкүн.

> «Ошондуктан Кыргызстан **эмдөөнүн ылдамдыгын жогорулатышы керек** экендигин кайра-кайра айтуудабыз», – деди Накви.