> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Электр станциялары» ААКга 650 млн сом бюджеттик кредит берилет
- URL: https://im.kg/all/2021/10/19/elektr-stanciyalary-aaksyna-650-mln-som-bjudzhettik-kredit-berilet/
- Published: 2021-10-19T17:42:26.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитети бүгүн, 19-октябрда «Электр станциялары» ААКсына 650 млн сом бюджеттик кредит берүүнү жактырды.**

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Талайбек Ибраевдин айтымында, каражат Бишкек менен Оштогу ТЭЦтер үчүн импорттук электр энергиясын жана күйүүчү майды сатып алууга багытталат.

> «Сиз Токтогул суу сактагычындагы абалды билесиз, суу аз, калкты электр энергиясы менен камсыздоо үчүн биз аны импорттошубуз керек. Импорттоочу «Электр станциялары» ишканасы, бирок компаниянын каражаты жок, бюджетинде 5 млрд сом тартыштыгы бар», – деди ал.

Ибраев энергетика тармагындагы дебитордук карыздын жалпы суммасы **132 млрд сомду** түзөрүн, анын 60%ы Электр станциялары боюнча экенин айтты.