> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик бюджеттин социалдык коргоого чыгымдары беш жылдын ичинде 1.5 эсеге азайган
- URL: https://im.kg/all/2021/10/19/mamlekettik-bjudzhettin-socialdyk-korgoogo-chygymdary-besh-zhyldyn-ichinde-1-5-esege-azajgan/
- Published: 2021-10-19T16:40:01.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:52:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик бюджеттин социалдык коргоого кетирген чыгымдары беш жылдын ичинде 1.5 эсеге аз өстү. Бул тууралуу Улутстаткомдун Социалдык коргоо кызматкерлеринин жана профсоюздарынын күнүнө арналган маалыматында айтылат.**

> 2020-жылы социалдык коргоого жумшалуучу каражаттардын көлөмү 2016-жылга салыштырганда 1.4 эсеге көбөйгөн жана **34 млрд сомду** түзгөн. Акыркы беш жылда мамлекеттик бюджеттен социалдык жактан коргоого анын ичинде Социалдык фондго бөлүнгөн каражаттарга карата чыгымдары орточо эсеп менен алганда чыгашаларынын 16дан 20%га чейин туура келген.

2020-жылдын аягында мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын саны **436 миңге** жакын адамды түзгөн. Ошол эле учурда 105.8 миң үй-бүлө, же 340.5 миң адам аз камсыз болгон, ал эми **95.4 миң** адам социалдык жөлөкпул алуучулар болуп саналат.

> Беш жылдын ичинде (2016-жылдан 2020-жылга чейин) социалдык жөлөкпулдун өлчөмү жана аз камсыз болгондор үчүн ай сайын берилүүчү бирдиктүү жөлөкпулдун өлчөмү **1.3 эсеге** көбөйүп, 2020-жылдын аягында бир алуучуга **868.6 сомду** түздү.

2020-жылдын аягына карата пенсия алуучулардын саны, Социалдык фонддун, башка министерликтердин жана ведомстволордун пенсиялык органдарында каттоодо тургандар, 736 миң адамды түзгөн. 

> Беш жылдын ичинде дайындалган айлык пенсиялардын орточо өлчөмү 2016-жылы **5 235 сомдон**, ал эми 2020-жылы **6 102 сомго** чейин көбөйдү.

Улутстаткомдун берген маалыматына ылайык, КМШ өлкөлөрүнүн арасында эмгек пенсиясынын эң көп өлчөмү Россияда (257 доллар) жана Казакстанда (214 доллары), ал эми эң аз – Тажикстанда (33 доллар) жана Өзбекстанда (76 доллар) белгиленген.

##### **2019-жылдагы КМШ өлкөлөрүндөгү пенсиянын өлчөмү**

*Улуттук статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча (доллар менен)*

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/10/image-5.png)