> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президенттин Администрациясынын жооптуу катчысы кармалды – УКМК
- URL: https://im.kg/all/2021/10/19/prezidenttin-administraciyasynyn-zhooptuu-katchysy-karmaldy-ukmk/
- Published: 2021-10-19T10:26:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**УКМК пара талап кылуу фактысы боюнча президенттин Администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Таалайбек Апеновду кармады. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.**

> Берилген маалыматка таянсак, президенттин Администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Таалайбек Апенов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке өзүнө пайда алуу максатында, **соттолгон адамдын маселесинин оң тарапка чечем** жана ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп С.Н. аттуу жарандан **170 миң сом** өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.

УКМК азыркы учурда тергөө жүрүп жаткандыгын маалымдады.