Депутат: «Мегаком» сыяктуу мамлекетке киреше алып келген ишканаларды сатпаш керек. ММФ: сатабыз

Мамлекетке киреше алып келип жаткан ишканаларды жеке менчикке өткөрбөш керек. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов Мамлекеттик мүлк фондунун (ММФ) төрагасы Мирлан Бакировго айтты.

Депутаттын пикиринде, мамлекетке киреше алып келип жаткан ишканаларды жеке менчикке өткөрбөш керек, чыгымдары көп ишканаларды гана саткан туура болот. Мындай пикирге ММФнын башчысы баары бир сатууга чыгаруу керектигин айтты.

«Бул жерде оператор эмес, интернет маанилүү. Убагында чечим чыгара турган учурлар да болуп калат. Баалоо механизми бүткөндөн кийин «Альфа Телеком» аукцион, конкурс же түз сатуу менен менчикке өткөрүлөт», – деди ал.

Эскерте кетсек, Министрлер кабинети быйыл июль айында, менчиктештирүүнү «Мегаком» бренди менен белгилүү «Альфа Телеком» компаниясы, «Керемет» банк жана Евразиялык сактык банкынын (РСК банкы) акцияларын сатуу сунушу менен башташкан.