> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бюджетке тамекиден 6 млрд сом акциздик салык түшпөй калган
- URL: https://im.kg/all/2021/10/21/bjudzhetke-tamekiden-6-mlrd-som-akcizdik-salyk-t-shp-j-kalgan/
- Published: 2021-10-21T11:43:18.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2020-жылы республикалык бюджетке тамеки продукттарынан 6 млрд сом акциздик салык түшкөн эмес. Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти.**

> Көзөмөл органдын берген маалыматына ылайык, аналитикалык эсептөөлөр боюнча **10.7 млрд сом** салык түшүш керек болчу. Бирок өткөн жылы бюджетке **4.7 млрд сом** гана түшкөн.

Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) статистикалык маалыматтары көрсөткөндөй, күйүүчү-майлоочу майлар (КММ) жана азык-түлүк продуктулары боюнча маалыматтардын туура берилбегендигинен улам, бюджетке 887 млн сом КНС жана акциздик 511 млн сом салык түшпөй калган.

> Салык кызматынын маалыматында, Улутстаткомдун 2020-жылдагы күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча маалыматына салыштырмалуу айырма **13.2 млрд сомду** түзөт. Тагыраак айтканда, күйүүчү жана майлоочу майларды сатууда бюджетке болжол менен **1.6 млрд сом** салык түшпөй калуу тобокелчилиги бар.

> Салык кызматынын маалыматтары менен Улутстаткомдун ун сатуунун көлөмү боюнча маалыматтарынын дал келбестиги **24.6 млрд сомдон** ашык сумманы түздү, бул болжол менен **3 млрд сом** КНС төлөнбөй калган дегенди билдирет.

Жалпысынан аудит 2020-жылы салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу планы 99.8%га аткарылганын, бирок бюджетке **122 млн сом түшпөй калганын** аныктады. Салык базасы боюнча жүргүзүлгөн аналитикалык иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, республикалык бюджеттин кирешелеринин резервдери жана жоготуулары **12 млрд сомдон ашык** сумманы түзгөн.

Министрлер Кабинетине акциз салыгын бюджетке толук түшүрүү үчүн тамеки буюмдарынын көмүскө жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча ишти күчөтүү сунушталды.