> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров: «Кумтөрдөн» ай сайын бюджетке 500 млн сом түшүп жатат
- URL: https://im.kg/all/2021/10/22/sadyr-zhaparov-kumt-rd-n-aj-sajyn-bjudzhetke-500-mln-som-t-sh-p-zhatat/
- Published: 2021-10-22T10:43:48.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кумтөр» ай сайын республикалык бюджетке 500 млн сом которуп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын республикалык кеңешмесинде билдирди.** 

Анын айтымында, 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы келишимде «Кумтөр Голд Компани» геологиялык чалгындоо иштерине дүң кирешесинен 4% аз сарптаган. Айырмасы болжол менен 15-16 млн доллар республикалык бюджетке салык катары төлөнүшү керек болчу, бирок төлөнгөн эмес. 

> «Тышкы башкаруу киргизилгенден кийин салыктын бул түрү төлөнө баштады, эми ай сайын республикалык бюджетке 500 млн сом түшүүдө», – деди президент. 

Өлкө башчысы билдиргенине караганда, учурда тоо-кен тармагы мамлекетке ай сайын 2 млрд сомдон ашык төлөйт. «Биз бул сумманы бир нече эсе көбөйтүшүбүз керек. Ошондо биз пенсияларды, жөлөкпулдарды жана айлык акыларды олуттуу түрдө көбөйтө алабыз», – деди ал.