> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент маалымат жыйынын өткөрүүдө. Экономика тууралуу эмне деди?
- URL: https://im.kg/all/2021/10/23/prezident-maalymat-zhyjynyn-tk-r-d-ekonomika-tuuraluu-emne-dedi/
- Published: 2021-10-23T12:48:57.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 23-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жылдык маалымат жыйыны өтүп жатат.** 

Жапаров бир жыл ичинде аткарылган иштери боюнча баяндама берип жатып, экономика боюнча бир канча суроолорго жооп берип кетти. 

Пезиденттин берген маалыматына ылайык:

- «Кумтөрдө» 20-25 жылдык запас бар, кен элге иштейт, бул боюнча кепилдик берилет
- Бюджетке салыктын эсебинен 12 млрд каражат түшөт
- Кепилдик фондун капиталдаштырууга – 2 млрд сом, ишкерлерге кепилдикке – 1.1 млрд сом, ишкерлерге насыя катары – 3.6 млрд сом бөлүндү. 680 ишкер 1 млрд сом жеңилдетилген насыя алган
- 2020-жылы бюджетти колдоого тыштан 357 млн доллар түшкөн, быйыл алынган жок
- 353 жаңы ишкана ачылып, 42 776 жаңы жумуш орундары түзүлдү
- 2019-жылдын тогуз айында мамлекеттик казынага 97.8 млрд сом, 2020-жылы 90.2 млрд сом болсо, 2021-жылы 129 млрд сом киреше кирген.