> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Коммерциялык банктарга 3.6 млрд сом өлчөмүндө насыя берилген
- URL: https://im.kg/all/2021/10/25/kommerciyalyk-banktarga-3-6-mlrd-som-lch-m-nd-nasyya-berilgen/
- Published: 2021-10-25T10:14:42.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Коммерциялык банктарга 3.6 млрд сом өлчөмүндө насыя берилген. Бул тууралуу пезидент Садыр Жапаров 23-октябрда бийликке келгенине бир жыл болгонуна карата өткөргөн маалымат жыйынында айтты.**

Президент жылдык отчетунда бизнеске кандай колдоо көрсөтүлүп жана кандай насыялар берилип жаткандыгы тууралуу маалымат берди. 

> «Ишкердикти колдоо алкагында кепилдик фондунун казынасы кошумча 2 млрд сомго көбөйтүлүп, 2020-жылы 1.1 млрд сомго насыя берилди. Коммерциялык банктарга болсо **3.6 млрд сом** өлчөмүндө насыя беришкен. Кепилдик фондунун программасынын алкагында 680 ишкерге жеңилдетилген насыя берилди. ОКӨФ дагы кредиттерди берүүнү кайра баштады. Насыя берүүнү жеңилдетүү максатында «РСК» банктын капиталы кошумча 900 млн сомго көбөйдү», – деди Жапаров.

Ал ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын көбөйтүү жана пайыздык ченин 4%га чейин төмөндөтүү тууралуу айтты.

> «Мурда берилген кредиттер боюнча пайыздык чен этап менен жылдык 6-8%дан 4-6%га чейин төмөндөтүлөт», – деп кошумчалады президент.

 Мындан тышкары Садыр Жапаров МЖӨ долбоорлорун колдоону белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө жалпы суммасы **750 млн долларлык 50 долбоор** иштеп жатат.