> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жашоо минимуму 75 долларды түздү
- URL: https://im.kg/all/2021/10/25/kyrgyzstanda-zhashoo-minimumu-75-dollardy-t-zd/
- Published: 2021-10-25T11:55:46.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 2021-жылдын III кварталында жашоо минимумунун өлчөмү 6383 сомду (азыркы алмашуу курсу боюнча 75 доллардан бир аз көбүрөөк) түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1158 сомго (14 доллар) же 22%га өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет жарыялаган.**

Жашоо минимумунун наркы республиканын бардык аймактарында өстү. Өлкөдө жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда катталган. Андан кийин Бишкек менен Ош турат.

**Аймактардагы жашоо минимуму** 

*(адам башына орточо эсеп менен алганда, айына сом менен)*

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/10/zhashoo-minimum.png)