> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамсанэпидемстанция республикадагы бардык тамактануучу жайларды текшерүүгө алат
- URL: https://im.kg/all/2021/10/25/mamsanepidemstanciya-respublikadagy-bardyk-tamaktanuuchu-zhajlardy-teksher-g-alat/
- Published: 2021-10-25T17:19:18.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:51:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бүткүл республика боюнча жалпы тамактануучу жайларды текшерүүгө алат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Бул чечим Бишкектеги акыркы жапырт ууланууга байланыштуу кабыл алынды. Эскерте кетсек, **«Империя пиццы»** кафе тармагында тамактан уулангандардын саны 118 кишиге[ жеткен.](http://localhost/info-portal/novosti/2021/10/25/chislo-otravivshihsya-v-seti-kafe-imperiya-piccy-vyroslo-do-118-chelovek/)

> Маалыматка ылайык, Темир жол ооруканасына 98 адам, Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасына 13 адам, Чүй облустук бириккен ооруканасына 2 адам, Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборуна 5 адам кайрылган.

Эпидемиологиялык иликтөө учурунда дарыгерлерге кайрылгандардын баары борбор калаадагы бир кафенин ар кайсы филиалдарынан тамак жегени белгилүү болгон.

> Жугуштуу оорулардын жана жапырт уулануулардын алдын алуу, тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө максатында Өкмөттүн 2018-жылдын 17-декабрындагы «Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөртүүгө ылайык, тамак-аш (даярдоо, сактоо, ташуу, сатуу) ишканаларына тамак-аш коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттеринин жана башка ченемдик-укуктук актыларын талаптарын сакталышын текшерүүгө мораторий алынды.