> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 750 миңден ашуун кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт
- URL: https://im.kg/all/2021/10/27/750-mi-den-ashuun-kyrgyzstandyk-chet-lk-l-rd-emgek-migraciyasynda-zh-r-t/
- Published: 2021-10-27T15:34:25.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**750 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт. Бул тууралуу сентябрда «Кыргызстандагы өнүгүү процесстерине эмгек мигранттарынын потенциалын тартуу» тегерек столунда ТИМдин Тышкы миграция департаментинин директору Таштанбек Каймазаров билдирген.**

Анын айтымында, эмгек мигранттары биринчи кезекте **Россия, Казакстан** жана **Түркияга** барат. 

КРгы азыркы миграциялык кырдаал негизинен экономикалык, демографиялык, саясий процесстер, ошондой эле COVID-19 илдетине байланыштуу. 

> Каймазаров жокчулук шартында, өзгөчө айыл жеринде миграция жумушка орношуунун жана социалдык статусун жогорулатуунун бирден-бир мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Мындан тышкары, эмгек мигранттары жашаган үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугу көбүнчө жогору болоорун айтат.