> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «АзияИнфо» компаниясы Матраимовдордун бизнес-өнөктөшүнө таандык
- URL: https://im.kg/all/2021/10/27/aziyainfo-kompaniyasy-matraimovdordun-biznes-n-kt-sh-n-taandyk/
- Published: 2021-10-27T13:14:09.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«АзияИнфо» компаниясы Кыргызстанда монополист домендик регистратор катары таанымал. Factcheck.kg бул компанияга ээлик кылгандарды изилдеп көрүп, анын Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн бизнес-өнөктөштөрү, «Мекеним Кыргызстан» партиясы жана мурда жоюлган Финансылык полиция менен кыйыр байланышы бар экенин [аныктап ](https://factcheck.kg/ky/https-factcheck-kg-ky-kto-stoit-za-monopolnoj-kompaniej-aziyainfo-rassledovanie/)чыкты.** 

Ошондой эле иликтөөдө [ OsOO.kg](https://www.osoo.kg/news/v-2020-godu-kompaniya-monopolist-s-vyruchkoj-bolee-24-mln-somov-otchitalas-o-pribyli-v-680-tys-somov/) сайты «АзияИнфо» 2020-жылдын жыйынтыгы менен **20 млн сомдон ашуун** киреше алганына карабай, болгону **680 миң сом салык төлөгөнү** айтылат. 

## **Компания тууралуу**

Компаниянын сайтындагы маалыматка ылайык, ал өлкөдө 27 жылдан бери иш [алып барат](http://www.asiainfo.kg/). Компания интернетке кирүүгө жол ачып, үн байланышын жана спутник байланыш кызматтарын көрсөтөт. Мындан тышкары, байланыш системаларын долбоорлоо менен алектенет.

Компания ири салыктарды төлөө менен чектелбестен, мамлекеттик буйрутмаларды да алып турат:

![](https://i2.wp.com/factcheck.kg/wp-content/uploads/2021/10/aziya-info.png?resize=1024%2C480&ssl=1)

«АзияИнфо» өзү катышкан **мамлекеттик тендерлердин** дээрлик **40%ын жеңген.** Алардын 50%ы – консалтинг кызматтары, программалык камсыздоону иштеп чыгуу, интернет жана техникалык колдоо менен байланышкан. Ал эми калган кызматтар телекоммуникация кызматтары жана программалык камсыздоого тиешелүү.

Юстиция министрлигинин маалымат базасына [ылайык,](https://register.minjust.gov.kg/register/Public.seam?publicId=8019) компанияга 1947-жылы туулган Лилия Щербакова ээлик кылат. Мындан тышкары, Щербакова «**Бэль Канто»** ЖЧКсынын негиздөөчүсү. Аны менен катар «**Бэль Канто»** [ЖЧКсын](https://www.osoo.kg/search/) Замира Мавлянова негиздеген. Опера ырчысы Мавлянова Щербакованын келини жана 2015-жылы «Бир Бол» партиясы менен бирге Жогорку Кеңешке [аттанган](https://shailoo.gov.kg/kg/npacik/Resheniya%5FCIK%5FKRKR%5FBShKnyn%5Fchechimderi/%5F61%5FO%5Fregist-2069/). Лилия Щербакова 2021-жылдын май айына чейин «Абай Строй Курулуш» компаниясына да ээлик кылып келген. 

Лилия Щербакованын 51 жаштагы **Дмитрий Дмитриевич Щербаков** аттуу уулу бар. 2019-жылы Щербаковдун «Росинбанкта» (учурда «Кереметбанк», мамлекеттик үлүш – 97.45% ) жалпы акциянын 10.0866%[ үлүшү бар](https://keremetbank.kg/uploads/files/Anketa%5Fpod%5Fft%5F08.01.2019.pdf) болгон. 

[Osoo.kg](https://www.osoo.kg/) Щербаковго үч фирма катталганын маалымдайт. Алардын экөө ишин токтоткон, ал эми үчүнчүсү 2012-жылы негизделген «АзияИнфо» телекоммуникациялык ишкана. Ишканага ээлик кылгандардын арасында дал «АзияИнфо» ЖЧКсы да бар. Эки фирма тең Абдрахманов көч, 175 дареги боюнча каттоодон өткөн.