> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте көмүрдүн тоннасы максимум 4 миң 400 сомдон сатылат
- URL: https://im.kg/all/2021/10/27/bishkekte-k-m-rd-n-tonnasy-maksimum-4-mi-400-somdon-satylat/
- Published: 2021-10-27T11:19:53.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте көмүрдүн тоннасы – максималдуу түрдө 4 миң 400 сомдон сатылат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков «Биринчи радиого» билдирди.**

Анын айтымында, кара отундун баасын көзөмөлгө алуу 12-октябрдан тартып 90 күнгө киргизилген. Көмүрдүн баасы районго жана көмүр казылган аймакка жараша болот.

> Бишкекте көмүрдүн тоннасы – максималдуу түрдө **4 миң 400 сомдон** сатылат, Чүй облусунда – **4 миң 550 сомдон**, ал эми Ош шаарында жана Ош облусунда тоннасы **5-6 миңден**, Жалал-Абад облусунда **6.5 миң сомдон**, Нарын облусунда **4 миң 700 сомго** чейин сатылышы зарыл. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда **6 миң 500 сомдон** жана Талас облусунда көмүрдүн бир тоннасы **6 миң 800 сомго** чейинки баа менен коюлду.