> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда инфляциянын жылдык деңгээли 11.8%га төмөндөдү
- URL: https://im.kg/all/2021/10/27/kyrgyzstanda-inflyaciyanyn-zhyldyk-de-geeli-11-8-ga-t-m-nd-d/
- Published: 2021-10-27T11:04:54.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жылдык инфляциянын деңгээли 15-октябрга карата 11.8%ды түздү, эскерте кетсек, сентябрь айында ал 13.5% болгон эле. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.**

Регулятордун айтымында, өлкөдөгү керектөө бааларынын өсүшүнө таасир эткен негизги фактор азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын өсүшү болду.

Улуттук банк өлкөдө инфляциянын деңгээлине тышкы факторлордун таасиринин тобокелдиктери сакталып жатканын белгиледи. 2021-жылы инфляциянын негизги монетардык эмес факторлору болуп төмөнкүлөр саналат:

- азык-түлүккө болгон дүйнөлүк баанын өсүшү
- административдик баалардын жана тарифтерди жогорулашы (электр энергиясына жана коомдук транспортко тарифтер)
- айыл-чарба продукциясын өндүрүүнүн олуттуу төмөндөшүнө алып келген быйылкы жаз-жай мезгилиндеги жагымсыз климаттык шарттар