> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү быйыл 10 айда 508 млн долларды түздү
- URL: https://im.kg/all/2021/10/28/kr-menen-t-rkiyanyn-ortosundagy-sooda-zh-g-rt-byjyl-10-ajda-508-mln-dollardy-t-zd/
- Published: 2021-10-28T16:38:37.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү быйыл 10 айда 508 млн долларды түздү. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев «Азаттыкка» берген маегинде айтты.**

Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы соода 2018-жылы 450 млн доллар, 2019-жылы 507 млн долларды түзгөн.

> «2020-жылы 507 млн, быйыл 10 айда 508 млн доллар болду. Бул Түркия мамлекетинин статистикалык кызматынын берген маалыматы. Бирок биздин маалымат дайыма 2 эсе аз көрсөтөт. Бул маселеде контрабандага байланышкан суроолор жатат», – деди ал.

Эскерте кетсек, Инвестиция министринин орун басары Нурадил Баясовдун 14-сентябрдагы маалымат жыйынында берген маалыматына ылайык**,** Түркия Кыргызстанга инвестиция салуу боюнча экинчи орунда турат. Биринчи жарым жылдыкта инвестициянын көлөмү **62 млн доллардан** ашкан. КРнын ири инвесторлорунун баш сабында баягы эле Кытай турат.