> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 718.2 млн долларга жетти
- URL: https://im.kg/all/2021/10/28/kyrgyzstan-menen-kytajdyn-ortosundagy-sooda-zh-g-rt-718-2-mln-dollarga-zhetti/
- Published: 2021-10-28T15:46:30.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйылкы жылы КР менен КЭРдин ортосундагы соода жүгүртүүнүн өскөнү байкалды. 2021-жылдын январь-июль айларында эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.7 эсеге өстү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.**

Биздин өлкө менен соода жүгүртүү **718.2 млн долларга** жеткен, анын ичинде **импорт – 681.4 млн долларды** (1.7 эсеге өскөн), **экспорт – 36.8 млн долларды** (1.4 эсеге) түздү.

> «КРдан КЭРге азык-түлүк жана айыл чарба чийки заттары (бал, тамеки буюмдары, ар кандай жаңгактар, кургатылган мөмө-жемиштер, суусундуктар ж.б.), булгаары чийки заты, күйгөн тери, рудалар жана концентраттар, ошондой эле баалуу металлдар, жабдуулар, транспорт каражаттарынын жана алардын бөлүктөрү экспорттолот.

> «Кытайдан КРга айнек, керамика, цемент, булгаары, жыгач, кагаз жана картон импорттолот», – деп билдирди Экономика министрлиги.

Министрликтин маалыматы боюнча, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын эң маанилүү жана келечектүү багыттары болуп инфраструктураны жана транспортту, энергетиканы өнүктүрүү, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба, тоо-кен өндүрүшү, туризмди өнүктүрүү, ошондой эле чек арадагы кызматташуулар саналат.