> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бир жылда эттин баасы 22%га кымбаттады
- URL: https://im.kg/all/2021/10/29/bir-zhylda-ettin-baasy-22-ga-kymbattady/
- Published: 2021-10-29T09:38:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда эттин чекене баасы бир жылда 22%га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет өлкөнүн 18 калктуу конушунда негизги социалдык мааниге ээ болгон товарлардын орточо керектөө бааларынын мониторингинин жыйынтыгында билдирди.**

> Республика боюнча **уйдун этинин** 1 кг орточо баасы **478.1 сомду** түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу **77.9 сомго** же дээрлик **20%га өскөнүн**, ал эми **койдун этинин баасы** **484.7 сомду** түзгөнүн жана 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу **25%га өскөнүн** көрсөттү.

Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу уйдун этине болгон баалардын олуттуу жогорулашы 26.3%га Каракол жана Нарын шаарларында катталды. Койдун этине баалардын олуттуу өсүшү Кербен (31.6%), Токмок (29.7%) шаарларында жана Чаек айылында (28.6%) катталды.