> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Империя пиццы» кафесине карата кылмыш иши козголду
- URL: https://im.kg/all/2021/10/29/imperiya-piccy-kafesine-kylmysh-ishi-kozgoldu/
- Published: 2021-10-29T17:05:45.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек ШИИББ «Империя пиццы» кафелериндеги уулануу фактысы боюнча «Санитардык -эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачты. Бул тууралуу «Клоопко» борбор калаа милициясынан [кабарлашкан.](https://ky.kloop.asia/2021/10/29/imperiya-pitstsydagy-uulanuu-militsiya-kylmysh-ishin-kozgodu/?fbclid=IwAR24q1UQfLjeBQP8UhMwInYQIh82jSHm%5Fhd9zdR4lhQWAc9iQgdljiOeO9Q)**

Анда массалык уулануу фактысы боюнча бардык чогулган материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-укуктук экспертизалар дайындалганы айтылган. Учурда иликтөө иштери уланууда. 

Эскерте кетсек, «Империя пиццы» кафесинин ар башка филиалдарында массалык уулануу катталып, тамактан уулангандардын саны 118 кишиге[ жеткен.](http://localhost/info-portal/novosti/2021/10/25/chislo-otravivshihsya-v-seti-kafe-imperiya-piccy-vyroslo-do-118-chelovek/) Мындан улам Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бүткүл республика боюнча жалпы тамактануучу жайларды текшерүүгө алаарын да [билдирген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/10/25/mamsanepidemstanciya-respublikadagy-bardyk-tamaktanuuchu-zhajlardy-teksher-g-alat/) болчу.