> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кымбатчылык, жумушсуздук, коррупция – Кыргызстандын эң чоң көйгөйлөрүнүн рейтинги түзүлдү
- URL: https://im.kg/all/2021/10/29/kymbatchylyk-zhumushsuzduk-korrupciya-kyrgyzstandyn-e-cho-k-jg-jl-r-n-n-rejtingi-t-z-ld/
- Published: 2021-10-29T15:40:57.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:16:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандыктардын версиясы боюнча өлкөнүн эң орчундуу көйгөйлөрүнүн рейтинги түзүлдү. Алсак, респонденттердин басымдуу бөлүгү эң чоң көйгөй катары кымбатчылыкты (65%), жумушсуздукту (57%) жана коррупцияны (53%) аташкан. Мындай маалыматтар Эл аралык республикалык институттун (IRI) изилдөөсүндө келтирилген.**

> Респонденттердин олуттуу бөлүгү (49%) коронавирусту эң олуттуу көйгөйлөрдүн катарына кошкон. Андан кийин суу (27%), жакырчылык (24%), саламаттыкты сактоо (23%), миграция (20%) жана билим берүү (18%) көйгөйлөрү болду. Сурамжылоого катышкандардын 17%ы гана экономиканы айткан.

Ошол эле учурда респонденттердин 11%ы гана үй-бүлөсүнүн экономикалык абалын абдан жакшы деп мүнөздөшөт. Сурамжылоого катышкандардын 66%ы – кандайдыр бир деңгээлде жакшы, 20%ы – кандайдыр бир деңгээлде жаман деп эсептешет. 3%ы экономикалык абалына ачык эле нааразы.

Жалпысынан 18 жаштан 35 жашка чейинки аялдар эркектерге караганда экономикалык абалын жакшыраак баалайт.