> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Кечеден бир айда 200 миң тонна көмүр жүктөлдү – «Кыргызкөмүр»
- URL: https://im.kg/all/2021/11/02/kara-kecheden-bir-ajda-200-mi-tonna-k-m-r-zh-kt-ld-kyrgyzk-m-r/
- Published: 2021-11-02T14:56:39.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кара-Кечеде жумуш штаттык режимде жүрүп жатат, 15 күндүн ичинде 5613 машинеге көмүр жүктөлгөн. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ишканасынын өкүлү Жийде Зоотбекова «Биринчи Радиого» билдирди.**

> «Бир айдын ичинде 200 миң тоннадан ашык көмүр жүктөлдү жана дагы ошондой эле тонна көмүр ачык турат. Кыргызстандыктар кооптонбой эле койсо болот», – деди ал.

Эскерте кетсек, күз-кыш мезгилинде КР 3 млн тонна көмүр жагат, бирок учурда «Кыргызкөмүр» ишканасы 200 миң тонна гана берүүгө даяр деп «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов октябрдын башында ушул эле радиого берген маегинде [билдирген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/10/05/respublikaga-3-mln-tonna-k-m-r-kerek-birok-kyrgyz-k-m-rd-200-mi-tonna-gana-dayar/) болчу.

> Анын ошондогу берген маалыматына ылайык, КР бир сезондо **3 млн тонна көмүр жагат,** анын 1 млн 200 миң калк жагат. 240 миң тоннасы социалдык объекттерге кетет. 1 млн 600 миң тоннасын жылуулук борбору керектейт, бирок анын 600 миңи Казакстандан импорттолот.

Мирлан Жакыповдун айтымында, «Кара-Кече» акыркы 4-5 жылдан бери 455 миң тоннадан казып келе жаткан. Бирок быйыл өткөн жылга салыштырмалуу август айында 50%га артта калышкан.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 7-октябрында өткөн жылдын октябрына салыштырмалуу көмүрдүн орточо керектөө баасы республика боюнча орточо эсеп менен алганда бир тоннасы 715 сомго же 16%га [өскөн.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/10/08/k-m-r-byltyrkyga-salyshtyrmaluu-715-somgo-kymbattady/) Ал эми 21-октярдагы Улутстаткомдун берген маалыматына ылайык, көмүрдүн орточо баасы өткөн жылдын октябрына салыштырмалуу **832 сомго** (дээрлик 19%) [жогорулады.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/10/22/k-m-rd-n-baasynyn-maksimalduu-cheni-belgilendi-birok-baary-bir-baa-k-t-r-l-d/)

Ал эми Монополияга каршы мамлекеттик агенттик облустар, райондор, Бишкек жана Ош шаарларындагы көмүрдүн баасынын максималдуу чегин [белгилеген.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/10/22/k-m-rd-n-baasynyn-maksimalduu-cheni-belgilendi-birok-baary-bir-baa-k-t-r-l-d/) Ага ылайык, көмүрдүн түрүнө жана өндүрүлгөн жерине жараша анын килограммынын акыркы баасы – **2.5 сомдон 9.5 сомго чейин**, тоннасы **2400дөн 8700 сомго чейинки** бааны түзөт. Баалар социалдык мааниси бар товарлардын баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык белгиленген. Кара отундун баасын көзөмөлгө алуу 12-октябрдан тартып 90 күнгө киргизилген.