> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Керемет банктын» акциялары «B» категориясына көтөрүлдү
- URL: https://im.kg/all/2021/11/02/keremet-banktyn-akciyalary-b-kategoriyasyna-k-t-r-ld/
- Published: 2021-11-02T17:04:47.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**26-октябрда Кыргыз фондулук биржасы «Керемет Банк» ААКнын жөнөкөй акцияларын баштапкы «С» категориясынан жогорку «В» категориясына өткөрдү. Бул тууралуу КФБнын басма сөз кызматы билдирди.**

Эскерте кетсек, буга чейин 29-июнда КФБ «Керемет Банк» менен «ФинансКредитБанкты» киреше боюнча коюлган талаптарды аткарбагандыктан, алардын акцияларын төмөнкү «С» категориясына өткөргөн болчу.

Биржанын маалыматты ачыкка чыгаруу Борборунун билдиргени боюнча, 2021-жылдын I кварталында «Керемет Банктын» таза зыяны, тагыраак айтканда, чыгашасы **25.8 млн сомду** түзгөн. Азыр болсо аталган банк II кварталды **35.7 млн сом** пайда менен аяктады.