> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сурамжылоо: чакан жана орто бизнестин 42% формалдуу эмес секторго өтүү тууралуу ойлонушууда
- URL: https://im.kg/all/2021/11/02/suramzhyloo-chakan-zhana-orto-biznestin-42-formalduu-emes-sektorgo-t-tuuraluu-ojlonushuuda/
- Published: 2021-11-02T12:31:48.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:37:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Чакан жана орто ишканалардын дээрлик 80%ы пандемиядан улам формалдуу эмес жумуштардын көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) ишканаларды өнүктүрүү боюнча техникалык адиси Мирза Мулешкович май-июль айларында формалдуу экономикага өтүү боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгын** **тегерек столдо билдирди.**

> Анын айтымында, формалдуу эмес экономиканын өсүшүнүн эң жогорку деңгээли курулуш ишканаларында (85%), айыл чарба ишканаларында (84.6%) жана соодада (80.6%), ошондой эле мейманкана бизнесинде, туризмде жана коомдук тамактануу жайларында (70%) байкалган.

Ишканалардын көлөмү боюнча формалдуу эмес экономиканын өсүшү 51ден 250гө чейинки жумушчусу бар фирмалардын 92%ы жана 51ге чейинки жумушчусу бар фирмалардын 78%ы тарабынан белгиленет.

> Ошол эле учурда **респонденттердин 42% формалдуу эмес секторго өтүүнү** ойлонуп жатышканын билдирген. ЭЭУ муну расмий ишканалардын морттугу жөнүндө коңгуроо катары баалайт.

Сурамжылоого катышкандардын айтымында, **формалдуу эмес экономиканы азайтуу үчүн биринчи кезекте салыктарды жана башка жүктөрдү азайтып, мамлекеттик колдоону күчөтүү** зарыл. Башка чаралардын катарында респонденттер мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү, ошондой эле формалдаштыруунун артыкчылыктарын түшүндүрүү боюнча маалыматтык иштерди аташкан.