> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бекболот Алиев: көмүскөдөгү тамекинин көлөмү 2 млрд даана же 25-30%га жетет
- URL: https://im.kg/all/2021/11/03/bekbolot-aliev-k-m-sk-d-g-tamekinin-k-l-m-2-mlrd-daana-zhe-25-30-ga-zhetet/
- Published: 2021-11-03T15:21:30.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Республикада көмүскөдө жүгүртүлгөн тамекинин көлөмү 2 млрд даана же 25-30%га жетет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Бекболот Алиев бүгүн, 3-ноябрдагы Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=d-O3F6%5FiaRg) билдирди.** 

Ал жыйында «2019-жылы декабрда Санкт-Петербург шаарында кол коюлган ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз тармагында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо» тууралуу мыйзамдын долбоору тууралуу баяндама жасады.

Баяндамадан кийин депутат Алмазбек Токторов: «Көмүскөдөгү тамеки азыктарынын соодадагы көлөмү канча, саны барбы, силерде божомолдор болуш керек» деген суроосун салды.

> «Көмүскөдөгү тамекилердин көлөмүн эсептөө ар түрдүү методикаларга тиешелүү болуп турат, анткени аябай чачылган. Расмий ташып келип жаткан компаниялар 40%га чейин болуп кетти деп айтышууда. Ошол эле убакта официалдуу башка бир эсептөөлөрдө жалпы жүгүртүүдөгү тамекилердин саны 25-30% болуп жатат. Номинал менен алганда 2 млрд даана бар деген эксперттик баалоолор бар», – деди министрдин орун басары.