> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда эң көп айлык акыны IT, финансы, тоо-кен тармагындагылар алышат
- URL: https://im.kg/all/2021/11/03/krda-e-k-p-ajlyk-akyny-it-finansy-too-ken-tarmagyndagylar-alyshat/
- Published: 2021-11-03T12:26:25.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда январь-август айларында эң көп маянаны маалымат жана байланыш (41 миң сом), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (дээрлик 40 миң сом) жана тоо-кен казып алуу тармагынын кызматкерлери (39 миң сом) алышкан. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

Министрликтин маалыматы боюнча, айлык акынын орточо республикалык деңгээли 20 миң сомдун тегерегин түзөт.

Эң аз эмгек акыны искусство, оюн-зоок, эс алуу (10 миң сом), айыл жана токой чарбасы, балык уулоо (11 миң сом), саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө (12 миң сом) тармагындагы кызматкерлер алат.

**2021-жылдын январь-августунда экономикалык ишмердиктин** 
**түрлөрү боюнча кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысы**  
(*чакан ишканаларды эсептебегенде, сом*)

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/statkom-zarplata.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/statkom-zarplata.png)