> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда орточо эмгек акы 9%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2021/11/03/kyrgyzstanda-ortocho-emgek-aky-9-ga-st/
- Published: 2021-11-03T09:45:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда январь-август айларында орточо айлык акынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9%га көбөйүп, 19 миң 586 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

> КРнын Улуттук банкы аныктаган валюталардын расмий курсуна карата алганда, 2021-жылдын январь-августунда бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы **231.6 долларды** түздү.

Орточо айлык акынын өсүү темпинин олуттуу жогорулашы Ош облусунун (10.9%), Ош шаарынын (13.5%) жана Бишкек шаарынын (9.9%) ишканаларында жана уюмдарында байкалган.

> Эмгек акынын **эң жогорку өлчөмү** **Бишкек** шаарында (24 931 сом), **Нарында** (18 870 сом) жана **Жалал-Абадда** (18 609 сом) катталды.

2021-жылдын январь-августунда **бюджеттик эмес чөйрөнүн** кызматкерлеринин эмгек акысы бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынан **1.7 эсеге жогору** болду.