> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктар ноябрда төрт күн катары менен эс алышат
- URL: https://im.kg/all/2021/11/03/kyrgyzstandyktar-noyabrda-t-rt-k-n-katary-menen-es-alyshat/
- Published: 2021-11-03T16:32:35.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 6-ноябрдан 9-ноябрга чейин дем алыш күндөрү болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.**

7-8-ноябрь майрам күндөрү. Бул майрамдар Кыргызстанда 2018-жылдан бери белгиленип келет. Демилге 2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлүп, 7-ноябрь Октябрь революциясынын майрамынын Тарых күнү болсо, 8-ноябрды ата-бабаларды эскерүү күнү деп белгилөөнү сунуштаган. 

> Быйыл 7-ноябрь жекшембиге туура келгендиктен, мыйзамга ылайык, кийинки иш күнү дем ​​алыш күн болуп калат. 

Министрликтин маалыматы боюнча, 6, 7, 8 жана 9-ноябрь эс алуу күндөрү болуп, кыргызстандыктар 10-ноябрь, шаршемби күнү жумушка чыгышат.