> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Банктар мамлекеттин кепилдиги менен ишкерлерге 11 млрд сомдон ашык кредит беришти
- URL: https://im.kg/all/2021/11/04/banktar-mamlekettin-kepildigi-menen-ishkerlerge-11-mlrd-somdon-ashyk-kredit-berishti/
- Published: 2021-11-04T11:17:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Банктар «Кепилдик фонд» ААКнын кепилдиги менен ишкерлерге 11 млрд сомдон ашык кредиттерди беришти. Мындай маалыматты 31-октябрга карата аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.**

Фонд тарабынан бекитилген кепилдиктердин саны 2290 болсо, анын суммасы **3 млрд сомду** түзгөн, ошондой эле анын 84%ы өлкөнүн аймактарындагы кичи жана орто бизнеске берилген. 

10 айда **912 млн сомго 615** кепилдик берилген. Аларга өнөктөш банктар 3 млрд сомго насыя беришкен. Бул көрсөткүчтөр берилген кепилдиктер менен кредиттердин саны жана көлөмү боюнча 2020-жылдагы көрсөткүчтөрдөн ашты. 

Өткөн жылы «Кепилдик фонду» өлкөдөгү кичи жана орто бизнести колдоого **2.9 млрд сомго** насыя алуу үчүн 779 млн сомго кепилдик берген.