> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетикалык кризис. Эксперт: министрлер кабинетинин бир гана чарасы калды, ал да – электр жарыгын өчүрүү
- URL: https://im.kg/all/2021/11/04/energetikalyk-krizis-ekspert-ministrler-kabinetinin-bir-gana-charasy-kaldy-al-da-elektr-zharygyn-ch-r/
- Published: 2021-11-04T12:53:49.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:14:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Макалалар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жылытуу мезгили катастрофалык абалда. Эксперт Эрнест Карыбеков министрлер кабинетинин бир гана чарасы калды, ал да – электр жарыгын өчүрүү деп эсептейт. Бул тууралуу ал 28-октябрда «Кыргызстан энергетикалык кризистен канткенде чыга алат» аттуу тегерек столдо билдирди.**

Анын айтымында, күз-кыш жылытуу мезгилинде электр энергиясын суткалык керектөө 60 млн кВт/сааттан ашса, ноябрдан мартка чейин Кыргызстан 9 млрд кВт/саатка жакын электр энергиясына муктаж.

> «Бишкек шаарындагы ЖЭБ айына 300 млн кВт/саат, беш айда 1.5 млрд кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат. Ошондо дагы 7.5 млрд кВт саат калат. Алдыдагы беш айда өкмөт 1.5 млрд кВт саат импорттой алат дегенге ишене албай турам. Оптимист болсок да 6 млрд кВт саат калат. Калганын кайдан алабыз?» – деди Карыбеков.

Эксперт 4 млрд кВт/саатты Токтогул ГЭСи, калган 2 млрд кВт/саатты каскаддар жана чакан ГЭСтер камсыз кыла аларын божомолдоду. Бирок **мынчалык көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн Токтогул ГЭСи өзүндө болгон бардык суунун запасын — 12 млрд кубометрди жумшоосу керек.** Карыбековдун айтымында, 1 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрүү үчүн 3 млрд куб суу керектелет.

«Мурда эле өчүрүү керек болчу, азыр да кеч эмес. Өкмөт 2022-жылдын 1-апрелине чейин 7-7.5 млрд куб метр сууну үнөмдөөнүн бирден-бир жолу – өлкөнүн 25%га жакын керектөөчүнүн жарыгын беш айга өчүрүү, балким, андан да көп убакытка», – деди ал.