> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы карызы барлардан 4.2 млрд сом мажбурлап өндүрдү
- URL: https://im.kg/all/2021/11/04/salyk-kyzmaty-karyzy-barlardan-4-2-mlrd-som-mazhburlap-nd-rd/
- Published: 2021-11-04T11:45:29.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Салык кызматы тарабынан салык карыздарын өндүрүп алуунун натыйжасында, бюджетке 4 млрд 225 млн сом түшкөн. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 237 млн сомго көп же өсүү темпи 141% түзгөнүн ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.**

Салык карызын милдеттүү түрдө өндүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө **3 млрд 615 млн сом** өндүрүлгөн.

Мындан тышкары, **салык төлөөчүлөрдүн банктардагы эсебине** **1 млрд 368 млн сом** өлчөмүндө 1306 салыктык төлөм талаптары келип түшкөн, натыйжада анын **393 млн сому** өндүрүлгөн.

Ошондой эле, жыл башынан бери **1 млрд 617 млн сомдук** **1130 материал** сотко өткөрүлгөн. Анын ичинен бюджеттин пайдасына салык карызын өндүрүү үчүн 1 млрд 270 млн сомдук 568 материал каралган.

Салыктар өз убагында бюджетке төлөнбөгөндүгү үчүн **5 млн сом** өлчөмүндө 2306 айып салынган.