> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк быйыл доллардын курсун кармоого 391 млн доллар сарптады
- URL: https://im.kg/all/2021/11/04/uluttuk-bank-byjyl-dollardyn-kursun-karmoogo-391-mln-dollar-sarptady/
- Published: 2021-11-04T12:07:08.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк быйыл жасаган он интервенцияда доллардын курсун кармап туруу үчүн эл аралык резервден 391.35 млн доллар сарптады. Бул тууралуу регулятордун берген маалыматында айтылат.**

Улуттук банк 28-октябрда долларды сатуу боюнча бир ай ичиндеги үчүнчү интервенциясын жүргүзгөн. Көбөйгөн суроо-талапты канааттандыруу үчүн коммерциялык банктарга **50 млн доллар** сатылган.