> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 10 айда бюджетке камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 31 млрд сом түштү
- URL: https://im.kg/all/2021/11/05/10-ajda-bjudzhetke-kamsyzdandyruu-t-g-md-r-n-n-31-mlrd-som-t-sht/
- Published: 2021-11-05T12:12:14.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы 2021-жылдын 10 айынын ичинде бюджетке камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсүн 31 млрд 146.3 млн сом суммасында камсыз кылды, бул белгиленген пландан 6863 млн сомго же 102.3%га көп.** 

Өткөн 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 4 млрд 880.6 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 118.6%ды түздү.

2021-жылдын октябрь айында суммасы 3 млрд 221.6 млн сомдук камсыздандыруу төгүмдөрү бюджетке түшкөн, бул болжолдуу көрсөткүчтөн 100.4%ды түздү же 11.6 млн сомго көп.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 429.9 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 115.4%ды түздү.

Салык кызматы камсыздандыруу полистерин чогултуу боюнча планды да ашыгы менен аткарды. 

Алсак, 2021-жылдын январь айынан октябрь айына чейинки мезгил ичинде (болжол менен) 729.3 млн сом чогулду, аткаруу 124.2%ды түздү же 142.3 млн сомго көп болду. 

Өткөн жылга салыштырмалуу 284.1 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 163.8%ды түздү.