> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарында бүгүн «Европа Биримдиги — Борбор Азия» экономикалык форуму өтөт
- URL: https://im.kg/all/2021/11/05/bishkek-shaarynda-b-g-n-evropa-birimdigi-borbor-aziya-ekonomikalyk-forumu-t-t/
- Published: 2021-11-05T11:48:44.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 5-ноябрда, Бишкек шаарында «Европа Биримдиги — Борбор Азия» экономикалык форуму башталат. Анда Борбор Азия аймагындагы бизнес жана инвестиция маселелери талкууланат.** 

Ошондой эле жашыл экономика, санариптештирүү, туруктуу ишкер чөйрөнү түзүү, коронавирус пандемиясы пайда кылган социалдык-экономикалык каатчылыкты биргелешип жеңүү маселелери дагы каралат. 

Форумга 250дөн ашык жергиликтүү жана чет элдик ишкердин катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнөн 40тан ашык компаниянын өкүлдөрү келди. 2019-жылы тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында Европа Биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык платформа түзүү макулдашылган.