> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Германия КРнын ишкерлерин окутууга квотаны көбөйтүү маселесин карайт
- URL: https://im.kg/all/2021/11/05/germaniya-krnyn-ishkerlerin-okutuuga-kvotany-k-b-jt-maselesin-karajt/
- Published: 2021-11-05T10:20:51.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Германия Федеративдүү Республикасынын Экономика жана энергетика федералдык министрлигинин башкаруучу кадрларды (ишкерлерди) даярдоо боюнча – Fit for Partnership with Germany программасы Кыргызстандын ишкерлери үчүн квотаны көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карайт.**

Бул тууралуу 3-ноябрда КРнын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаевдин программанын өкүлдөрү, тактап айтканда, Кыргызстандын куратору Моника Штинекер менен жолугушуусунда айтылганын ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жолугушууда 2020-2021-жылдары программанын алкагында 48 кыргызстандык ишкер онлайн окуудан өткөнү айтылды. Карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин алар Германияга тажрыйба алмашууга немис компаниялары жана уюмдары менен түз ишкердик байланыштарды түзүү үчүн чакырылат.