> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк быйыл доллардын курсун кармоого 447 млн доллар сарптады
- URL: https://im.kg/all/2021/11/08/uluttuk-bank-byjyl-dollardyn-kursun-karmoogo-447-mln-dollar-sarptady/
- Published: 2021-11-08T17:18:43.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк быйыл жасаган он бир интервенцияда доллардын курсун кармап туруу үчүн эл аралык резервден 447 млн доллар сарптады. Бул тууралуу регулятордун берген маалыматында айтылат.**

Улуттук банк 5-ноябрь долларды сатуу боюнча бир ай ичиндеги төртүнчү интервенциясын жүргүзгөн. Көбөйгөн суроо-талапты канааттандыруу үчүн коммерциялык банктарга 55.4 млн доллар сатылган.