> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АКШнын Кыргызстандагы  элчилиги 1-декабрдан тарта виза берүүнү жандантат
- URL: https://im.kg/all/2021/11/10/akshnyn-kyrgyzstandagy-elchiligi-1-dekabrdan-tarta-viza-ber-n-zhandantat/
- Published: 2021-11-10T12:00:55.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 1-декабрдан тарта визанын бардык түрүнө байланыштуу маектешүүнү кайрадан жанданта баштайт. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.** 

АКШ элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер маалымдагандай, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы мамилелер эки өлкө ортосундагы жеке байланыштарга негизделген. Ал элчилик туризм жана бизнес үчүн, анын ичинде катардагы виза кызматтарын сунуштай алганына кубанычта экенин белгилеген. 

> «Бул кызматтардын кайра жанданышы эки өлкөнүн ынак достугун сактоого жардам берет жана декабрь айында өнөктөштүктүн 30 жылдыгын белгилей турган учурга туура келет», – деди ал.