> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда стартаптарды колдоо боюнча 100 млн долларлык фонд түзүлдү
- URL: https://im.kg/all/2021/11/10/kyrgyzstanda-startaptardy-koldoo-bojuncha-100-mln-dollarlyk-fond-t-z-ld/
- Published: 2021-11-10T14:28:24.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте өтүп жаткан «StrategEast: Өкмөт жана IT» форумунун алкагында Кыргызстанга инвестициянын 50% үлүшү менен Борбор Азиядагы стартаптарды колдоо үчүн 100 млн долларлык фонд түзүлдү.** 

Белгилей кетсек, форумдун алкагында капитализациясы 40 млрд доллардан ашкан жана кеңселери дүйнөнүн беш континентинде 40тан ашык мамлекетте иштеп жаткан EPAM деген америкалык ири IT компаниянын кеңсеси ачылды. 

Бул иш-чара жылына бир жолу Евразиянын борборлорунун биринде өтүп, өкмөттөр менен IT тармагынын лидерлеринин диалогу үчүн аянтча катары кызмат кылат. Буга чейин мындай иш чаралар Киевде (Украина) жана Тбилисиде (Грузия) өткөн. Быйыл болсо Кыргызстанда өтүп жатат.