> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Региондорду өнүктүрүү фондуна 6 жылда 2 млрд 830 млн сом түшкөн
- URL: https://im.kg/all/2021/11/10/regiondordu-n-kt-r-fonduna-6-zhylda-2-mlrd-830-mln-som-t-shk-n/
- Published: 2021-11-10T15:55:06.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Региондорду өнүктүрүү фондуна 6 жылда 2 млрд 830 млн сом түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин [жыйынында ](https://www.youtube.com/watch?v=Cp3XrOZ7TEM)Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев билдирди.**

Жыйында депутат Экмат Байбакпаев Өнүктүрүү фондуна канча каражат келип түшкөнүн, ал каражаттан кайсы аймактарда көзгө көрүнүктүү завод-фабрикалар курулганын, акча каякка жумшалгандыгын сурады.

Министрдин орун басарынын айтымында, Өнүктүрүү фондунун казынасы 2015-жылы иштеп баштагандан бери 2 млрд 830 млн сомду түзгөн. 

> «Түшкөн каражаттардын баары эле инфраструктура жана социалдык маселелерге бөлүнүп келген. Учурда болсо анын 50%ын киреше алып келе турган, кайтарым боло турган долбоорлорго бөлүнсүн деген чечим чыкты», – деди Алиев. 

Ильяс Иманбетов болсо, 2015-жылдан бери 4 жаңы мектеп, 20 жаңы бала-бакча курулганын, 52 мектеп, 29 бала бакчада ремонт жүргөнүн жана фап салынганын кошумчалады.

Депутат: «Качан өндүрө турган ишкана курасыңар, качан болсо эле мектеп, жол, бала бакча. Башка жумуш менен эч ким алектенгиси келбейт, качан жумуш орундары менен камсыздай баштайбыз», – деген суроосун салды.

> Депутат Рыскелди Момбеков ага берилген маалымат боюнча 1 млрд 961 млн экенин айтты. «1 млрд 961 млн сому өздөштүрүлгөн, 870 млн сому калган, анын ичинен да өздөштүрүлүп 310 млн калды, бул областтар менен макулдашылып берилип жатат», – деди Алиев.

Момбековдун 2020-жылкы карыздын көлөмү канча эле деген суроосуна 870 млн болгонун билдирди.