> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Арал – Казарман унаа жолу жана эки эстакадалык көпүрө ачылды
- URL: https://im.kg/all/2021/11/11/aral-kazarman-unaa-zholu-zhana-eki-estakadalyk-k-p-r-achyldy/
- Published: 2021-11-11T11:19:41.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында эки эстакадалык көпүрөнүн жана Арал – Казарман унаа жолунун ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.** 

Акылбек Жапаровдун жана Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэндин катышуусунда «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында эки эстакадалык көпүрөнү жана 100 км жолду пайдаланууга берүү аземи болуп өттү.

> Аталган объектилер Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун бөлүгү болуп саналат, ал эми курулуштун подрядчысы – «Чайна Роад энд Бридж Корп.» компаниясы. Эстакада көпүрөлөрүнүн узундугу 1076 жана 396 метрди түзөт. Көпүрөлөр жаңы жана заманбап технологияларды колдонуу менен курулган жана Арал-Казарман автожолунда жайгашкан.

Аталган иш-чарага катышкан өкмөт башчы «Кыргызжолтранс» долбоорлоо институтуна, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө жана Элчилигине, «Чайна Роуд энд Бриджс» компаниясына жана «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушуна катышкан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/estakada1-1024x682.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/estakada1.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/estakada2-1024x767.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/estakada2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/estakada3-1024x686.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/estakada3-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/estakada4-1024x676.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/estakada4-scaled.jpg)