> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргыз темир жолу» ишканасы эски тилкелерди жаңылоо үчүн өз каражатына 20 чакырым рельс сатып алды
- URL: https://im.kg/all/2021/11/11/kyrgyz-temir-zholu-ishkanasy-eski-tilkelerdi-zha-yloo-ch-n-z-karazhatyna-20-chakyrym-rels-satyp-aldy/
- Published: 2021-11-11T16:49:32.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:42:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын түндүгүндөгү темир жолдун эски тилкелерин жаңылоо үчүн «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы өз эсебинен 20 чакырым жаңы темир жол сатып алды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.**

> Р-65 рельстеринин биринчи партиясы кечээ, 10-ноябрда келген. «Рельстер 2021-жылы чыккан жаңы жана биздин талаптарга жооп берет. Ушул жумада айрым көйгөйлүү жерлерге рельс төшөй баштайбыз», – деди ишкананын башкы директору Азамат Сакиев.

Сатылып алынган рельстердин басымдуу бөлүгү (14 км) «Балыкчы» станциясынын жанындагы 148-айрымга төшөлөт. Дагы 5 чакырым «Кара-Балта» станциясына жакын жерде төшөлүп, 1 чакырым темир жол Казакстандын чек арасына (Мерке – Чалдовар линиясы) кеткен багытка коюлат.

 - [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/IMG_9564-2-1024x696.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/IMG%5F9564-2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/IMG_9618-1024x682.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/IMG%5F9618.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/kg.economist.kg-13-1024x538.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/kg.economist.kg-13.png)