> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 500дөн ашык дары-дармектин баасы 10%-68%га арзандады
- URL: https://im.kg/all/2021/11/11/kyrgyzstanda-500d-n-ashyk-dary-darmektin-baasy-10-68-ga-arzandady/
- Published: 2021-11-11T10:02:30.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өтө маанилүү делген дары-дармектердин импорттук, дүң жана чекене баасына активдүү мониторинг жүргүзүлөт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.**

Буга чейин калк үчүн экономикалык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана дары-дармектердин баасын жөнгө салуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия фармацевтикалык компаниялар менен биргеликте бир катар иш-чараларды өткөргөн.

Биринчи этапта көрүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалда калк арасында чоң суроо-талапка ээ болгон, жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмеси аныкталып, ага ар кандай өндүрүүчүлөрдүн 500дөн ашык дары-дармектери киргизилген. Жыйынтыгында, ири дарыкана түйүндөрүндө бул **дары-дармектердин баасы (дүң жана чекене) мурдагы наркынан 10%-68%га арзандады**.

Баалардын реалдуу абалына мониторинг жасоо үчүн дарыкана түйүндөрүндө бааны системалуу түрдө төмөндөтүү жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы дары-дармек жана медициналык буюмдар Департаментинин сайтында жайгаштырылат жана коомчулукка жарыяланат.