> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө 26 млрд сом сарптады
- URL: https://im.kg/all/2021/11/12/kyrgyzstan-mamlekettik-karyzdy-tejl-g-26-mlrd-som-sarptady/
- Published: 2021-11-12T14:27:25.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Он айда Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө 26.1 млрд сомдон ашык каражат жумшады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди**.

Тышкы карызды **тейлөөгө 13.35 млрд сом**, ички карызга – **12.75 млрд сом** бөлүнгөн. Карыздын негизги суммасы боюнча 19 млрд сом, пайыздар боюнча 7 млрд сом төлөндү.

> Белгилей кетсек, 2021-жылдын 30-сентябрына карата КРнын мамлекеттик карызынын көлөмү (тышкы + ички) **4 млрд 866 млн долларды** (412.6 млрд сом) түздү.

##### Мамлекеттик карыздар:

- тышкы карыз — **4 млрд 152 млн** **доллар** (85.3%)
- ички карыз — **714 млн доллар** (14.7%)