> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда инфляция 7.9%ды түздү
- URL: https://im.kg/all/2021/11/12/kyrgyzstanda-inflyaciya-7-9-dy-t-zd/
- Published: 2021-11-12T17:00:22.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда январь-октябрь айларында инфляция 7.9%ды түздү. Тамак-аштан тарта тейлөөгө чейин баары кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

> Алсак, азык-түлүк товарларынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары **9.4%га**, азык-түлүк эмес товарлардыкы **8.2%га**, калкка кызмат көрсөтүү тарифтери **1.9%га**, алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдарынын баалары дароо эле **10.3%га** жогорулаган.

Өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы **бардык аймактарда** байкалды. Мында баанын максималдуу өсүшү (+ 11.2%) Баткен облусунда катталган, бул башка региондорго салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдарынын бааларынын эң көп өсүшү (+ 15.5%) менен шартталган.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын январь-октябрь айларында инфляциянын деңгээли 5.3%ды түзгөн болчу.