> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын экономикасы он айда 1.6%га көтөрүлдү – ИДП өсүп баштады
- URL: https://im.kg/all/2021/11/12/kyrgyzstandyn-ekonomikasy-on-ajda-1-6-ga-k-t-r-ld-idp-s-p-bashtady/
- Published: 2021-11-12T14:45:37.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын ИДПсы январь-октябрь айларында 1.6%га өсүп, алдын ала эсептөөлөр боюнча дээрлик 557 млрд сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

«Кумтөрдү» эсепке албаганда өлкөнүн экономикасынын көлөмү январь-октябрь айларында дээрлик 507 млрд сомду түзүп, **4.1%га өстү**.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылда октябрь ИДПнын өсүү темпинин оң көрсөткүчтөрүн берген экинчи ай болуп калды. Сентябрда ИДПнын бир аз өскөнү (0.1%га) [байкалган.](http://localhost/info-portal/novosti/2021/10/12/vvp-kyrgyzstana-uvelichilsya-na-0-1-v-sentyabre/)

> Бирок былтыркы [базанын төмөндүгүн](http://localhost/info-portal/novosti/2020/11/13/vvp-kyrgyzstana-upal-na-7-4-bez-ucheta-kumtora-spad-dostig-8-3/) эске ала турган болсок, улуттук экономиканын калыбына келүүсү жөнүндө сөз кылууга али эрте. Эске салсак, 2020-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын ИДПсы 7.4% төмөндөп, болгону 457 млрд сомду түзгөн. Ал эми Кумтөрдү эсепке албаганда төмөндөө 8.3%га чейин жеткен болчу.