> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылдын 1-сентябрына чейин Түрк мамлекеттеринин инвестициялык фонду түзүлөт
- URL: https://im.kg/all/2021/11/14/2022-zhyldyn-1-sentyabryna-chejin-t-rk-mamleketterinin-investiciyalyk-fondu-t-z-l-t/
- Published: 2021-11-14T07:53:07.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 1-сентябрына чейин Түрк мамлекеттеринин инвестициялык фонду түзүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркияга болгон иш сапарынын жыйынтыгында билдирди.**

Тышкы иштер министри Кыргызстан үчүн кабыл алынган бир катар чечимдердин ичинен Инвестициялык фондду түзүү маанилүү экендигин белгиледи. 

> «Түрк мамлекеттеринин инвестициялык фондун түзүү зарылдыгы жөнүндөгү идея жаңы эмес, 2014-жылдан бери биздин мамлекеттердин күн тартибинде. Акыркы жылдары бул багыттагы иштер байкаларлык күчөп, азыр ал үй сызыгына кирип жатат деп айтсак болот. Тиешелүү министрликтерге бул каржы институтун 2022-жылдын 1-сентябрына чейин түзүү тапшырмасы берилди. Белгилей кетсек, биз **Инвестициялык фондду Бишкекке жайгаштырууну** сунуштап жатабыз. Фонддун штаб-квартирасы биздин өлкөдө жайгашат деген үмүттөбүз жана бул багытта өнөктөштөрүбүз менен иштешүүгө даярбыз», – деди ал.

Мындан тышкары, өзүнчө маанилүү чечим болуп «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» стратегиялык документин бекитүү саналат.

> «Документти түзүү үчүн бардык ТМУ өлкөлөрүнүн эксперттик топтору тарабынан көп иштер аткарылды, алар Уюмду 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн этап-этабы менен программасын иштеп чыгышты», – деди Казакбаев.