> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Октябрда мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын баалары 8%га кымбаттады
- URL: https://im.kg/all/2021/11/14/oktyabrda-m-m-zhemishterdin-zhana-zhashylchalardyn-baalary-8-ga-kymbattady/
- Published: 2021-11-14T08:14:37.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын октябрында сентябрга салыштырмалуу мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын баалары жалпы республика боюнча 8.3%га жогорулады. Бул тууралуу Улутстатком билдирет.** 

> Ушул мезгилдин ичинде жашылчалар 8.5%га, жемиштер 7.9%га кымбаттады. Муну менен, баалардын эң көп бадыраңга 2.2 эсеге, помидорго 1.8 эсеге, капустага 13.7%га, картошкага 9.%га, кулпунайга, малинага 6.6%га жана апельсинге 5.7%га кымбаттаганы байкалды.

Картошканын чекене баасы республикалык орточо көрсөткүчтөн эң көп Кара-Балта (кг 35.60 сом), Баткен (кг 36.19 сом) жана Кара-Суу (кг 37.23 сом) шаарларында ашты. Анын минималдуу баасы Талас (кг 25.94 сом), Балыкчы (кг 27.27 сом) шаарларында жана Чаек айылында (кг 1 кг 26.00 сом) байкалды.

Өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу картошкага болгон баанын эң көп өсүшү Кара-Суу шаарында 53.4%га, Ноокатта 56.3%га жана Өзгөн шаарында 56.7%га катталды.