> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 300дөн ашык адамга турак жай алууга 840 млн сом жеңилдетилген кредит берилди – МИК
- URL: https://im.kg/all/2021/11/15/300d-n-ashyk-adamga-turak-zhaj-aluuga-840-mln-som-zhe-ildetilgen-kredit-berildi-mik/
- Published: 2021-11-15T16:39:56.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында октябрь айынын алгачкы үч жумасында 318 адам турак жай алууга жеңилдетилген насыя алышкан. Бул тууралуу [Economist.kg ](http://localhost/info-portal/)басылмасына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз катчысы Жылдыз Бекбаева билдирди.**

Анын айтымында, анын алгачкы 500 млн сому республикалык бюджеттен, калган 340 млн сому Мамлекеттик ипотекалык компаниянын каражатынан бөлүнгөн. Учурда бюджеттик тармакта иштегендер үчүн **«Жеңилдетилген ипотека» багыты боюнча 4% менен 270 насыя** берилди. Ошондой эле **«Жеткиликтүү ипотека» багыты боюнча 8% менен 48 насыя** бардык категориядагы жарандарга берилген.

> «Учурда МИКтин жетекчилиги «Жеңилдетилген ипотека» багыты боюнча кезектеги траншты бөлүү аракетин көрүп жатат», – дейт Жылдыз Бекбаева.

Эскерте кетсек, программанын өнөктөш банктары (РСК, Айыл Банк жана Бакай Банк) кабыл алынган арыздар чегинен ашып кеткендигине байланыштуу, документтерди кабыл алууну убактылуу [токтотушкан](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/10/01/mik-aaktyn-n-kt-sh-banktary-1-oktyabrdan-bashtap-aryz-aluunu-toktotot/).

**Окшош макалалар:**

[«Менин үйүм 2021-2026» турак-жай программасы ишке кирди – МИК](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/07/26/menin-j-m-2021-2026-turak-zhaj-programmasy-ishke-kirdi-mik/)

[«Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасына ылайык, кимдер ипотекалык насыя ала алат?](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/07/29/menin-j-m-2021-2026-turak-zhaj-programmasyna-ylajyk-kimder-ipotekalyk-nasyya-ala-alat/)

[4% жана 8% менен жеңилдетилген ипотека берүү 16-сентябрда башталат – МИК](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/09/09/4-zhana-8-menen-zhe-ildetilgen-ipoteka-ber-16-sentyabrda-bashtalat-mik/)

[Эми мамлекеттик ипотека алууга арызды онлайн берсеңиз болот – МИК](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/08/10/emi-mamlekettik-ipoteka-aluuga-aryzdy-onlajn-berse-iz-bolot-mik/)

[«МИК» ААКтын өнөктөш банктары 1-октябрдан баштап арыз алууну токтотот](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/10/01/mik-aaktyn-n-kt-sh-banktary-1-oktyabrdan-bashtap-aryz-aluunu-toktotot/)

[МИК ААК мурда берилген ипотекалык кредиттердин пайыздык чендерин төмөндөтөт](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/10/13/mik-aak-murda-berilgen-ipotekalyk-kreditterdin-pajyzdyk-chenderin-t-m-nd-t-t/)